KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Сот департаментинин айым кызматкерлерин Энелер күнү менен куттуктоо аземи болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде 19-майда Кыргызстанда белгилене турган Энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү. Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев бардык кызматкер энелерди майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалап, аларга гүл жана открыткаларды тапшырды. Белгилей кетсек, Сот департаментинде жалпысынан 120дан ашык кызматкер эмгектенет, алардын ичинен 35 кызматкер — энелер. Аталган иш чара Сот департаментинин эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмү тарабынан уюштурулду. Эскерте кетсек, бул жаркын майрам Президенттин Жарлыгы менен 2012-жылы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Кыргызстанда энелердин статусун жана ролун, үй-бүлөнүн абалын жогорулатууга коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн буруу максатында уюштурулган.
Сот департаментинин кызматкерлери Өчпөс отко гүл коюшту
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюу аземи болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Жылдызбек Кудаяров, мекеменин кызматкерлери жана Бишкек шаарынын сот приставдар кызматынын өздүк курамы катышышты. Гүл коюу аземи Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесин бир мүнөттүк эскерүү менен коштолду.
Сот департаментинде студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү
2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун юридикалык факультетинин 3-курсунун студенттери үчүн Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Жолугушууда Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев, Сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Жылдызбек Кудаяров, Сот департаментинин борбордук аппаратынын бөлүм башчылары жана кызматкерлери Сот департаментинин түзүлүшү, тарыхы жана миссиясы, сот аткаруучулардын жана сот приставдарынын ишмердүүлүгү, алардын укуктары жана милдеттери, ошондой эле сот тутумун санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Иш чаранын алкагында Сот департаментинин имаратында экскурсия уюштурулуп, меймандарга сот органынын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилип, студенттер аларды кызыктырган ар түрдүү суроолорго жоопторду алышты. Ошондой эле викторина өткөрүлүп, эң активдүү студенттерге белек катары кодекстер тапшырылды. Иш чаранын соңунда Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев жана ведомствонун кызматкерлери студенттерге жигердүү катышканы, кызыгуусу жана аракети үчүн ыраазычылык билдиришип, окууларына ийгиликтерди каалашты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кожомбердиев Урмат Мелисович

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Биздин ведомствонун ишмердүүлүгү боюнча Сиздерди кызыктырган суроолорго жооп берүүгө биз даярбыз. «Жарандардын кайрылуулары» бөлүгүнө кайрылыңыздар.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кожомбердиев У.М.

Видео